"Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугу боюнча эки лаборатория аккредитациядан өткөн. Бири Бишкекте, экинчиси Ош шаарында. Экөө тең заманбап, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Учурда тамак-аш коопсуздугуна тиешелүү көрсөтмөлөрдү жасайбыз. Ветеринардык препараттарды, уулуу элементтерди, пестициддерди текшерүү менен ветеринардык-санитардык изилдөөлөрдү жүргүзөбүз. Жылдан-жылга кызмат көрсөтүүнүн тизмесин көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. ЕАЭБге аккредитациябыз жок болгондуктан 4 гана көрсөтмө менен киргенбиз. Учурда ал 60ка жетти. Ал эми тамак-аш коопсуздугу жаатында көйгөйлөр бар. Мисалы, сүт. Ири чарбалар жок болгондуктан кайра иштетүүчүлөр сүттү элден жыйнап алат. Заводго алып барып текшергенде, ар кандай адамдын колунан чыккандыктан калдыктар аныкталат. Анан сүттөр ирип кетпеши үчүн кайсы бир шаймандар колдонулат экен. Эт, бал, балык, сүт азыктарын алганда тогуз айдын ичинде лабораторияга 2 108 үлгү келген. Аларга 28 300 изилдөө жүргүзүлгөн, анын ичинен 62 үлгү стандартка жооп бербегени аныкталган. Бул протоколдун баарын ветеринардык инспекторлорго беребиз. Жаңы аккредитациядан өтүп, текшерип баштаган кезге салыштырмалуу азыр абал жакшыраак. Мурун 10 үлгү келсе, анын сегизи стандартка жооп берчү эмес. Азыр абал бир аз түзүгүрөөк, бирок көйгөйлөр дагы эле бар. 2024-жылдын 1-июнунан баштап 21-регламентке өзгөртүүлөр киргизилген. Анткени бизде ветеринардык препараттар боюнча маселе көп. Мындай дары-дармекти эл башаламан колдоно бергендиги да көйгөй жаратууда. Ошондуктан мурда төрт антибиотикти текшерсек, азыр колдонулуучу антибиотиктердин саны 75ке жетти. Андыктан булардын тизмесин кеңейтип, аккредитациядан өтүп жатабыз. Бирок бул чек эмес. Мындан башка да көп жумуштар бар", — деди Курманкулов.