Россиянын окуу жайларын бүткөн кыргызстандыктар Астанада тажрыйба алмашат

Форумдун катышуучулары эки багытта квалификациясын жогорулата алат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда советтик жана россиялык ЖОЖдорду аяктагандардын кыймылынын лидерлери Казакстанда өтө турган бүтүрүүчүлөр форумуна катышат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Иш-чара 9-10-октябрь күндөрү Астанада өтөт.
Форумга билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, мамлекеттик бийлик органдарынын жана мамлекеттик корпорациялардын өкүлдөрү катышат. Ошондой эле Россиянын окуу жайларын бүткөндөрдүн арасындагы активисттер, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндөгү бүтүрүүчүлөр ассоциацияларынын жетекчилери жана мүчөлөрү келет.
"Коноктор билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы мамилеге, анын ичинде илимий билим берүү кызматташтыгына, биргелешкен илимий изилдөөлөргө, индустриялык билим берүү өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Мында Россия менен кызматташтыкты бекемдөөдө бүтүрүүчүлөр ассоциацияларынын ролуна дагы басым жасалат", — деп жазылган маалыматта.
Форумга Кыргызстандын атынан катышчулардын арасында алдыңкы окуу жайларда жетекчилик кызматта иштегендер жана медициналык жайларды башкаргандар бар. Катышуучулар "Жогорку билим берүү тармагында менеджмент" жана "Саламаттыкты сактоо тармагында менеджмент" боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтө алышат.
Пресс-борбор
Мэрия: жыл сайын 300дөй бишкектик бала Россиянын окуу жайларына тапшырат