Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

The Times: АКШ Зеленскийди "жеңиш планы" менен кошо жолго салды

Америка Зеленскийдин "жеңиш планын" демилгелердин топтому деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. АКШ Владимир Зеленскийге эки миллиард доллар каражат бөлүүнү убадалап, ал түзгөн "жеңиш планын" өзүнө кошуп кайра жолго салды. Бул тууралуу The Times басылмасы жазды.
"Америкалыктар Зеленскийге 2,4 миллиард доллар бөлүүнү убадалап, жолго салышты. Ал Россиянын аймагына ыраакка ата турган курал менен сокку урууга уруксат ала алган жок. Мындайда алдыда жардам берүүгө кепилдиктер жана НАТОнун курамына кирүү тууралуу кандай чечимдер болгонун айтпай эле койсо болот", — деп жазылат маалыматта.
Автордун билдирүүсүнө ылайык, Зеленский жарнама өңдүү улам-улам айтып келген "жеңиш планы" Кошмо Штаттардын көп деле купулуна толгон эмес. Ал эми британиялык дипломаттардын бири анын мындай аракетин "стратегия эмес эле "өндүрүп" алуу үчүн тизме" деп сыпаттаган. Өз кезинде мамлекет Украинага жардам берүү үчүн жеткиликтүү чечим чыгара албай жатат деп сындаган европалык аткаминерлер да азыр позициясын өзгөртүшкөндүгү белгиленген.

"Согуш туңгуюкка кептелип бараткандай, эми биз түбөлүк ал үчүн каражат бере албайбыз. Киев эми азыркы абалына реалдуу карашы керек", — деп жазган гезит немец аткаминеринин айтканын.

Өткөн аптада Владимир Зеленский АКШга иш сапары менен барып, президент Жозеф Байденге "жеңиш планын" айтып берген. Ошондой эле Батыштын ыраакка аткан ракеталары менен Россиянын аймагына сокку урууга уруксат алууга аракет кылган. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ак үй аталган куралдарды колдонууга салынган тыюунун алынган-алынбаганын жарыялаган эмес. Ал эми "жеңиш планын" болгону демилгелердин топтому деп аташкан.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков киевдик режимдин башчысынын Батышты ынандыра ала турган эч кандай "планы" жок экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Улам тездеп бара жатат". Батыш Россиянын кадамдарынан чочулай баштады