Эрдоган: Израилдин Газа жана Ливандан кийинки бутасы "түрк жерлери" болушу мүмкүн

Президент аймакта ок атышпоо келишими эми аткарыла турган болгондо Израиль чагым жасап, бул процесске жолтоо болуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Израилдин пландары Газа тилкеси, Иордандын батыш жээги жана Ливан менен эле чектелбейт, алардын кийинки бутасы "түрк жерлери" болушу ыктымал. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Адана-Шакирпаша аэропортунда өткөн авиация, космос жана технология фестивалында айтканын Anadolu кабарлады.
"Израиль арамза планын ишке ашырууда. Бутасы Газа тилкеси, Иордан дарыясынын батыш жээги жана Ливан менен эле чектелбейт. Булардын түпкү максатын билүү үчүн пайгамбар же көзү ачык болуштун кажети жок. Тарыхты, саясатты жана дипломатияны түшүнгөндөр Иерусалим, Аль-Акса мечити жана "бейиш жер" тууралуу жомоктун ортосундагы байланышты көрө алат. Убада кылынган "бейиш жер" боюнча иллюзияны биз жакшы билебиз. Алар Түркияга каршы чыгуу үчүн жандалбастап жатат. Израилдин азыркы бийлигинин ар бир жасаган билдирүүсүнөн алардын чыныгы ниеттери ачыкталууда", — деди Эрдоган.
Анын айтымында, Израиль эч тартынбастан баш катчысы Антониу Гутеррешти нон грата персонасы деп жарыялап, БУУга каршы чыгып жатат.
"Тилекке каршы, Батыш державалары курал, ок-дары, чалгындоо жана дипломатиялык колдоо көрсөтүү менен колдорун канга матырууда. Газа менен Ливанга ыргытылган миңдеген тонна бомбалар кайдан жана ким тарабынан өндүрүлгөнү ачык көрүнүп турат", — деди түрк президенти.
Ал аймакта ок атышпоо келишими эми ишке ашат дегенде эле Израиль чагым жасап, бул процесске жолтоо болуп жатканын белгиледи.
"Израиль аймакты канга бөлөө үчүн бардык ыкманы колдонууда. Биз наристелерди өлтүрүүдөн ырахат алган мамлекетке туш болуудабыз. Бирок "Сайкс-Пико планы" принцибине ылайык жерибиздин бөлүнүшүнө жол бербейбиз", — деди Эрдоган.
Макрон Газадагы согуш үчүн Израилге курал берүүнү токтотууга чакырды