Баткенде ИИМдин түзүмдөрү үчүн курулган 6 имарат пайдаланууга берилди

Имараттар президенттин тапшырмасы менен кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата ачылып жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Лейлек жана Баткен райондорунда ИИМдин түзүмдөрүнө курулган имараттар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки айылдык бөлүм, үч аймактык пункт жана Ички аскерлердин бөлүгүнүн, жалпы алты имарат пайдаланууга берилди.
1 / 4

Лейлек жана Баткен райондорунда ИИМдин түзүмдөрүнө курулган имараттар пайдаланууга берилди

2 / 4

Маалыматка ылайык, эки айылдык бөлүм, үч аймактык пункт жана Ички аскерлердин бөлүгүнүн, жалпы алты имарат пайдаланууга берилди.

3 / 4

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков катышып, имараттар президенттин тапшырмасы менен кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата ачылып жатканын билдирди.

4 / 4

Министр буга чейин бардык ички иштер бөлүмдөрүнө материалдык-техникалык каражаттар, анын ичинде жаңы үлгүдөгү автоунаалар тапшырылганын кошумчалады.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков катышып, имараттар президенттин тапшырмасы менен кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата ачылып жатканын билдирди.
"Быйылкы жылдын башынан бери Ички иштер министрлигине караштуу жүздөгөн имараттарды ишке берип жатабыз. Ушул иш-чаралардын алкагында Баткен жергесине болгон иш сапарыбызда ушуга окшогон дагы беш имаратты ачып, элдин коопсуздугун камсыздоого тапшырабыз. Арасында иштеп, жашаганга да бардык шарттары түзүлгөн заманбап имараттар бар", — деген ИИМ башчысы.
Министр буга чейин бардык ички иштер бөлүмдөрүнө материалдык-техникалык каражаттар, анын ичинде жаңы үлгүдөгү автоунаалар тапшырылганын кошумчалады.
Акылбек Жапаров Ошто Папан чакан ГЭСин курууга капсула салды. Сүрөт