Өзгөндө төрт балалуу аялды өзүнүн короосунда балталап кетишти

Милиция факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ѳзгѳндө 24 жаштагы киши 28 жаштагы келинди балталап салган. Бул тууралуу Ош облустук ИИБден билдиришти.
Буга чейин соцтармак колдонуучусу Өзгөндө төрт баланын апасы өз короосунда балталанганы, балдардын кичүүсү бир жашта экени жазылган маалымат менен бөлүшкөн.
Облустук милиция бул маалыматка жооп кылып, кылмыш боюнча кабар 4-октябрь күнү түшкөнүн белгиледи.
"Ѳзгѳн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын тургуну 28 жаштагы К. М. аттуу аялды өзү жашаган үйдүн короосунда балталанган. Кылмышка кошунасы шектелүүдө. Кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат милициянын маалыматында.
Кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалганы айтылды.
Арча-Бешикте 10 жашар кызды сүзүп кеткен өспүрүм айдоочу кармалды