Ош шаарында милиция кызматкерлерине 25 унаа тапшырылды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ош шаарынын милиция кызматкерлерине унаалар тапшырылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аземге ИИМ башчысы Улан Ниязбеков катышып, 25 даана жаңы үлгүдөгү автоунаанын ачкычын берген.
"Коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн жетиштүү шарттар түзүлүшү керек. Мына ушуну эске алып, Ош ОИИБге жана Күзөт кызматына 25 даана жаңы үлгүдөгү автоунааларды тапшырып жатабыз. Аларга аяр мамиле жасап, элге тынч жана коопсуз чөйрө түзүү, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу боюнча иш алып барыңыздар", — деген Ниязбеков.
Министр ошондой эле Ош облусундагы Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын ачууга катышканы кошумчаланды.
Баткенде ИИМдин түзүмдөрү үчүн курулган 6 имарат пайдаланууга берилди