БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Өлкөдөгү ботаникалык бактын макамын өзгөртүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документте мындай чечим "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" мыйзамга ылайык иштелип чыкканы жазылган. Буга байланыштуу Ботаникалык бактын Бишкек жана Нарын шаарларындагы жер тилкелеринин категориясы "калктуу конуш" макамынан "өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы" деп өзгөртүлгөн.
Жер тилкелердин даректери:
Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан 127 гектар жер тилкеси;
Бишкек ш., Горький көчөсү, 135/212 дарегинде жайгашкан 20,15 гектар жер тилкеси;
Нарын шаары, Ленин көчөсүндө жайгашкан 4,17 гектар жер тилкеси.
"Улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы — мамлекеттик ботаникалык багы макамы берилсин", — деп жазылган токтом долбоорунда.
Бул чечим аталган институттун экологиялык жана илимий ишмердүүлүгүн күчөтөрү кошумчаланган.