Баткен, Нарын, Талас жана Чүйдө айрым айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталды

Мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, айылдарга өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү болгон аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Баткен, Нарын, Талас жана Чүйдө бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, долбоор улуттук идеологияны чыңдоого, айылдарга өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү болгон аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган.
Сунушка ылайык, аталышы өзгөрө турган айылдар (азыркы — сунушталган):
Баткен облусунун Лейлек району:
Карл Маркс — Биримдик;
Эски-Оочу — Манас;
Коммунизм — Ак-Арык;
Ленин — Исхак Раззаков;
Андарак — Ак-Таш;
Кек-Таш — Көк-Таш;
Искра — Сумбула;
Нарын облусунун Кочкор району:
Осоавиахим — Молдо Кылыч;
Талас облусунун Айтматов району:
Кара-Сай — Бакайыр;
Чүй облусунун Чүй району:
Садовое — Масымкан.
Сунуш Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык отурумда 27-сентябрда колдоого алынган.
Бакыт Төрөбаев кайсы аймакта койдун жүнү жерде жатса аким иштен алынарын айтты