Нөшөрлүү жамгыр, катуу шамал болот. Өлкө боюнча бир аптага карата аба ырайы

Бүгүн республика боюнча катуу жамгыр, шамал болору күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет 12-октябрга чейинки өлкө боюнча күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, республикада аптанын башында жана аягында жаан-чачын күтүлөт, бирок күн сууктап кетпейт.
Борбор калаа Бишкекте 6-7-октябрь күндөрү жамгыр жаап, калган күндөрү күн ачык болот. Синоптиктер 12-октябрда кайрадан жаан-чачын болушун божомолдоду. Абанын температурасы 20...28 градуска чейин көтөрүлөт.

Чүй, Талас

Аймактарда 6-октябрда күндүз көпчүлүк жерлерде жаан-чачын болуп, айрым райондордо катуу жамгыр, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу күтүлөт. 7-октябрь дагы жаан-чачындуу болуп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Андан соң 12-октябрга чейин күн ачык болору күтүлүүдө. Алдыдагы ишембиде кайрадан жамгыр жаайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Өлкөнүн түштүк аймактарында 6-7-октябрда көпчүлүк жерде жамгыр жаайт. 8-9-октябрь күндөрү түнкүсүн жаан-чачындуу болуп, күндүз күн ачык болот. Синоптиктер 10-11-октябрда жаан-чачын болбой турганын, бирок күндүн көзү кайрадан 12-октябрда бузуларын билдирди. 6-октябрда күндүз айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын

Аптанын башы жаан-чачындуу болот. 7-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жамгыр катуу жаашы ыктымал. 9-11-октябрда күн ачык болуп, 12-октябрда кайрадан жамгыр болот. Бул аймактарда дагы 6-октябрда катуу шамал болушу эскертилди.
Күн кескин сууктайбы? Октябрга карата аба ырайы