Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум башталды

Биринчилерден болуп өлкө президенти менен өкмөт башчысы добуш берген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум башталганын Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү 10 325 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүргүзүлүүдө, ага 12 миллиондон ашык жарандын катышуусу күтүлүп жатат. Анда казакстандыктар: "Сиз Казакстанда атомдук электр станциясынын курулушуна макулсузбу?" – деген суроого жооп беришет.
Республикалык референдумду уюштуруу жана добуш берүү учурунда жалпы 33 миң полиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт. Анын ичинен 18 миңи добуш берүү тилкелеринде иш алып барат. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги 2-октябрдан тартып полиция күчөтүлгөн режимде иштөөгө өткөнүн билдирген.
Референдумда добуш берүү саат 20:00гө чейин улантылат.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги дүйнөнүн 59 мамлекетинде 74 шайлоо тилкеси ачылганын билдирди. Анын ичинде Россияда жүргөн казакстандыктар Москва, Санкт-Петербург, Казань, Астрахань жана Омск шаарларында добуш бере алышат. Ал эми референдумдун жыйынтыгы жалпыга маалымдоо каражаттарына 7-октябрдан 12-октябрга чейин жарыяланат.
Россия Өзбекстанда чакан атомдук электр станциясын курат. Келишимге кол коюлду