Радио

Казаков: дубандарды кыдырып комузду мыкты чапкан усталарды издейбиз

"Музыка ишмерлер союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы Түгөлбай Казаков улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталардын сынагында жаңычылдыкка артыкчылык берилерин айтты.
Sputnik
Усталар арасында жарыяланган сынактын башкы максаты — улуттук музыкалык аспаптарды өнүктүргөн, сапатын жакшырткан усталарды табуу. Бул тууралуу Түгөлбай Казаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сынакты "Музыка ишмерлер союзу" коомдук бирикмеси Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүп жатат.

"Токтогулдун комузу, Карамолдонун комузу деген комуздар бар. Токтогулдун комузу чакан, жамгырдан, суудан калкалап чапандын ичине салып жүргөнгө ылайык. Ал эми Карамолдонун комузу чоңураак жана үнү, тембри таптакыр башка. Бул сынакта Карамолдонун "Насыйкатты", "Ибаратты" черткен, Алымкул Үсөнбаевдин Токтогулдун "Чоң кербезин" черткен комузунун тембрин тапкандарга артыкчылык берилет. Карамолдонун комузундагы тембр байыркы кыргызга мүнөздүү, кыргыздын колоритине үндөш. Муну маркум Нурак Абдрахманов 30 жылдай издеди, ар кандай кылып чапты, ар кандай кыл такты, бирок тембрин таппай койду. Ушул сынакта эле жарк этип чыга калат деген жокпуз, бирок аракет кылыш керек. Кыл кыяк жана темир ооз комуз боюнча дагы жаңылыктарды күтөбүз. Учурда кайрылуулар түшүп жатат, арасында "8 комузум бар, катышсам болобу" дегендер бар, аларга "сиздин комузуңуз буга чейинки комуздардан мыкты болсо, ошону далилдей алсаңыз катышыңыз" деп жатабыз. Бул комузду модернизациялаган, мыктыдан мыкты кылып жасагандардын сынагы. Буюрса кийинки сынак, башка дагы улуттук музыкалык аспап жасаган усталарды камтыйт", — деди Казаков.

Ошондой эле ал улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталардын сынагы 9-15-октябрь күндөрү өтөрүн кошумчалады.