Бишкекте эки күн таза суу жок болот. График

"Гагарин" жана "Түштүк-батыш" суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. 7-8-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
7-октябрда 9:00дөн 21:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас жана Жибек Жолу проспектилери, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда муздак суу өчүрүлөт.
8-октябрда 9:00дөн 00:00гө чейин Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Дыйканчылык институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана Теңир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) таза суу өчүрүлөт.
Ичүүчү суу турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо жайларында, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объектилеринде жок болот.
Бул күндөрү "Гагарин" жана "Түштүк-батыш" суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери өткөрүлөт.
Бишкектин бийлиги шаардыктарга өтүнүч менен кайрылды