Ысык-Көл облусу Томск аймагы менен боордош болду

Учурда Талас облусу менен Алтай Республикасын боордош кылуу үчүн керектүү документтер иштелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Ысык-Көл облусу менен Россиянын Томск облусу боордош аймактардан болушту. Бул туурасында КР Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматта бул Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен ишке ашкандыгы айтылат.
"Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана Томск облусунун губернатору Владимир Мазур соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту. Мындан тышкары, алар 2026-жылга чейин өнөр жай жана соода, айыл чарба, илим жана техника, билим берүү, саламаттык сактоо, маалыматтык технологиялар, маданият жана искусство, туризм жана башка тармактарда кызматташтыкты активдештирүү тууралуу жол картасына дагы кол коюшту", — деп айтылат маалыматта.
Кол коюу аземи видеобайланыш форматында өткөн.
Документ негизинен эки региондун бизнесине маалыматтык көмөк көрсөтүп, айыл чарба жана тамак-аш продукцияларын, ошондой эле ветеринария үчүн дары-дармек препараттарын экспорттоого мүмкүнчүлүк берет. Региондордун маданият күндөрүн өткөрүү, түз авиакаттамдарды ишке киргизүү да каралмакчы.
ТИМдин маалымат кызматы Талас облусу менен Алтай Республикасынын (Россия Федерациясы) ортосундагы боордоштук байланышты ишке ашыруу үчүн керектүү документтер даярдалып жатканын кошумчалады.
Чүй жана Ош облустары Омск аймагы менен боордош болду