Сак болуңуз! Шылуундар соцтармакта Улуттук банктын атынан акчалай сыйлык сунуштоодо

Эгерде шылуундарга алданып калсаңыз алгач бул тууралуу тейленген банкка кабарлап, андан кийин укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Улуттук банктын атынан акчалай сыйлык утуп алдыңыз деген маалымат алсаңыз ишенбеңиз! Бул — социалдык тармактардагы шылуундардын жаңы амалы. Бул туурасында башкы банктын маалымат кызматы эскертти.
"Соңку маалда Улуттук банктын атынан оюн уюштуруп, күмөндүү шилтеме аркылуу кирип сыйлык алууну сунуштаган маалыматтар көбөйдү. Буга байланыштуу УБ эч кандай сыйлык койбостугун, лотерея ойнотпой тургандыгын эскертет. Шектүү шилтемелерди ачпаңыз жана ал жакка жеке маалыматтарыңызды жазбаңыз", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк жеке адамдарды тейлебестигин, жарандарга эсеп ачып накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөй турганын эскертет. Шылуундардын торуна түшкөн учурда алгач бул тууралуу тейленген банкка кабарлап, андан кийин укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу зарылдыгы айтылды.
Кыргызстандын эки банкы Россиядан акча которууга жарым-жартылай чектөө киргизди