УКМК Балыкчынын мурдагы "смотрящийи" Сапага түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Видео

Ал чекисттерге мыйзамдарды сактап, адал эмгек кылууну убадалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. УКМК Балыкчы шаарынын мурдагы смотрящийи, криминалдык дүйнөдө Сапа каймана аты менен белгилүү С.С.Т. түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.
Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.
"С.С.Т. өзүнүн иш-аракеттеринин зыяндуулугун толук түшүнүп, криминалдык топторго катышуудан, ошондой эле өзүнүн статусунан жана уурулук идеясынан баш тартты", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле ал мыйзамдарды сактап, адал эмгек кылууну убадалап, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын толугу менен колдой турганын айткан.
Сузакта криминал менен байланышта делип айылдык кеңештин экс-депутаты кармалды