ТИМ башчысы Россиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды. Талкууланган маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 5-октябрда, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Тараптар эки өлкөнүн мамилелерин бекемдөөнү талкуулап, өзгөчө соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жардам маселелерине токтолушканы айтылды.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө кыргызстандыктардын Россияга кирүүдө жана мекендештердин балдарын Москва шаарындагы мектептерге орноштурууда жаралган көйгөйлөрдү жоюу боюнча талкуу болду.
Садыр Жапаров октябрда Россияга эки ирет барат