Радио

Молдокматов: ислам баалуу кагаздары Орто Азияда актуалдуу болууда

Эл аралык шериктештик жана каржы ассоциациясынын төрагасы Асылбек Молдокматов ислам принцибиндеги баалуу кагаз болгон "сукук" тууралуу маалымат берди.
Sputnik
Ислам каржы принцибинде иш жүргүзгөн "сукук" баалуу кагазы алгачкы ирет ачык сатууга чыкканы турат. Бул тууралуу Асылбек Молдокматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр ислам принцибинде иш жүргүзгөн баалуу кагаздар 19 миллиард 450 миллион сомго басылып чыккан.
"Кыргызстанда ислам принцибинде каржылоо системасына ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүктөн банктык бул тармак жакшы өнүгүүдө. Борбор Азия боюнча абдан активдүү иштеп жатат. Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, ислам каржы принцибинде эки түрдүү баалуу кагаз чыгарууга уруксат берилген. Алар жабык түрүндө, бул инвестор менен түз иштешүү жана ачык түрүндө. Мында жалпы коомго ылайыкташып, сатып алуучулар жалпы кыргызстандыктар боло алат. Бул негизде иш алып барган "сукук" баалуу сертификаты алгач ирет ишке киргени турат. Ага 80-100 миллиард сом инвестиция кылууга даяр инвестролор бар. "Сукук" баалуу сертификаттары Кыргыз фондулук биржасы аркылуу сатыкка чыгат. 500 сом, 1000 сом, 10 000, 100 000 сом номиналындагы баалуу сертификаттар болот. Коопсуздугу да каралган. Ар бир сомдук баалуу кагаз материалдык каражатка байланат", — деди Молдокматов.
Ал "сукук" баалуу сертификаттары пенсионерлерден баштап ишкерлерге чейин ылайыктуу болорун кошумчалады.