Радио

Музуралиев: турак жайдын камсыздандыруу полиси төлөм жүргүзүлгөндө гана иштейт

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Чүй жана Бишкек филиалынын директору Канатбек Музуралиев турак жайдын камсыздандыруу полиси төлөм жүргүзүлгөндөн кийин гана жарактуу болорун айтты.
Sputnik
Турак жайдын жылдык камсыздандыруу төлөмү айыл жергесинде 600 сом, ал эми шаарларда 1 200 сомду түзөт. Бул тууралуу Канатбек Музуралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, камсыздандырылган турак жайга айылдарда 500 миң, калааларда 1 миллион сомго чейинки чыгымды мамлекет жаап берет.
"Айрымдар үйдүн чатыры учуп кетсе эле 500 миң сом (же 1 млн) төлөп берет деп ойлойт. Чыгым төлөөдөн мурда жарандык комиссия, биздин уюмдун адистери үйдүн абалын текшерет. Мисалы, чатыры гана учуп кеткен болсо 500 миң сом (же 1 млн) толук төлөнбөйт. Чатырын калыбына келтирүү үчүн гана жетиштүү каражат беребиз. Бул 100 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүн. Үй жашаганга мүмкүн болбой калганда гана компенсация толук берилет. Эгерде кырсыктын келип чыгышына үйдүн ээси күнөөлүү болсо мамлекет чыгымын жаап бербейт. Камсыздандыруу полиси төлөм жүргүзүлгөндөн кийин системага киргизилип, иштеп баштайт. Бирок кээ бир акылдуулар аны жасатып алып, акчасын төлөбөй качып кетишүүдө. Алар төлөм төлөнгөндөн кийин жарактуу болорун түшүнбөй жатат", — деди Музуралиев.
Ал авариялык абалдагы турак жайлар, документтери жок же камакта (арестте) турган жана техникалык талаптарга жооп бербей курулган үйлөр камсыздандырылбай тургандыгын кошумчалады.