Акылбек Жапаров Ошто Папан чакан ГЭСин курууга капсула салды. Сүрөт

Акылбек Жапапов бул ГЭСти куруу өлкөдөгү энергетикалык көз карандылыкты алдын алууга багытталган стратегиялык дагы бир кадам экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ошто Папан чакан ГЭСин курууга капсула салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт экенин, жылына орточо 103 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрө турганын айткан. Инвестициянын суммасы — 27 миллион доллар. Ал Папан суу сактагычына чакан ГЭСти куруу өлкөдөгү энергетикалык көз карандылыкты алдын алууга багытталган стратегиялык дагы бир кадам экенин белгилеген.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ошто Папан чакан ГЭСин курууга капсула салды

2 / 5

Жапаров ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт экенин, жылына орточо 103 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрө турганын айткан

3 / 5

Инвестициянын суммасы — 27 миллион доллар. Ал Папан суу сактагычына чакан ГЭСти куруу өлкөдөгү энергетикалык көз карандылыкты алдын алууга багытталган стратегиялык дагы бир кадам экенин белгилеген

4 / 5

Чакан ГЭС курулуп жаткан Папан ирригациялык суу сактагычы Катар массивинин жанындагы Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө, Папан капчыгайынын эң кууш жеринде жайгашкан

5 / 5

Чакан ГЭС курулуп жаткан Папан ирригациялык суу сактагычы Катар массивинин жанындагы Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө, Папан капчыгайынын эң кууш жеринде жайгашкан

"Биз касиеттүү Сулайман-Тоонун этегинде жайгашкан Ош шаарын суу менен камсыз кылган Ак-Буура дарыясында ГЭС курганы жатабыз. Ушул дарыянын аталышы эле анын күч-кубатын билдирип турат. Элибиз байыртан бери билип келген жаныбарлардын эң күчтүүсү, эң кубаттуусу төө болгон. Анын ичинде эң күчтүүсү буура болгон. Ошол буурадай болуп толкуп-ташкан дарыяны суктанып убагында биздин залкар акыныбыз Аалы Токомбаев да ыр жазган. Ошондой эле бул жаныбарды өзүнүн чыгармасында Чыңгыз Айтматов дагы жазган. Эми ошол күч-кубаттын баарын электр энергиясына айлантып, элибиздин бакубат турмушуна өбөлгө болсун деген ниет менен биздин азыркы аракет болуп жатат", — деген Жапаров.
Чакан ГЭС курулуп жаткан Папан ирригациялык суу сактагычы Катар массивинин жанындагы Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө, Папан капчыгайынын эң кууш жеринде жайгашкан.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
“Росатом” Жалал-Абад облусуна чакан ГЭС курат