Офтальмолог баланын көзүн канча убакта бир текшертип туруу керектигин айтты

Адис демейде балдар көзүндө маселе жаралганын ата-энесине айтышпаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Балдар эч качан көрүүсү начар болуп жатканын айтышпайт. Өтө кичинекейлер кандай көрүп жатканын көп түшүнө бербейт, ал эми эс тартып калгандары көз айнек тагышат деп ойлоп, аны каалабагандыктан көп учурда ата-энесине көрүүдөгү көйгөйлөр тууралуу билдиришпейт. Бул тууралуу Sputnik радиосуна курган маегинде офтальмолог Максим Черников айтты.
Ал мындай тыянакты тажрыйбасына таянуу менен айткан.

"Ошондуктан балдардын көзүн канча убакта бир текшертип туруунун так регламенти түзүлгөн. Биринчи жолкусу ымыркай төрөлгөндө, андан кийин бир айлыгында, бир жашында, үч жашында жана мектепке барардын алдында офтальмологдун текшерүүсүнөн өтүшү керек. Мындан тышкары, 4-классты аяктаганга чейин да жыл сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүп туруу сунушталат", — деген адис.

Кытай изилдөө жүргүзүп, дүйнө жүзү боюнча начар көргөн жаштар эң көп болгон үч өлкөнү атады. Биринчи орунда Япония турат, андагы жаштардын 86 пайызынын көрүүсүндө көйгөй аныкталган. Экинчи орунда жаштардын 73,94 пайызынын көрүүсү начар болуп Түштүк Корея турат. Үчүнчү орунда Россия, бул өлкөдө жаштардын 46,17 пайызында аталган көйгөй бар.
Көздүн көрүүсүн начарлаткан күнүмдүк адаттар