Макрон Газадагы согуш үчүн Израилге курал берүүнү токтотууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 5 окт — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилге Газа тилкесинде аскердик операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулган курал-жарак берүүнү токтотууга чакырып, мындай кадам аймактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн маанилүү экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

"Мен бүгүнкү күндүн маанилүү маселеси жаңжалды саясий жол менен чечүүгө кайтып келүү жана Газадагы согуш үчүн курал-жарак берүүнү токтотуу деп эсептейм. Франция курал жеткирбейт”, — деди Макрон France Inter радиосуна.

2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери өлкөнүн чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 250дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Бийликтердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.
Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде жарандык буталарга кол салууларды камтыган "Темир кылычтар" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган. Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 41 миңден ашты, 95 миңден ашуун киши жаракат алды.
Израиль Насрулланын мураскери бар деген бункерге 73 тонна бомба таштады