Бишкекте юридикалык жактарды тейлеген башкармалык дарегин алмаштырды

Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте юридикалык жактарды тейлеп, өкүлчүлүктөрдү каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууга арыздарды кабыл алган Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы башка дарекке көчүрүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган башкармалыктын кызматкерлери буга чейин Жибек Жолу проспекстиндеги "Эльдорадо" соода борборунда жайгашкан.
7-октябрдан тартып арыздарды кабыл алган борбор Горький көчөсү, 25 дарегинде жайгашкан имаратында иштеп баштайт.
Ведомство толук маалымат алуу үчүн 0312590622, 0312543562 телефондоруна чалууну өтүндү.
Маалыматтарды электрондук форматта сактоочу мамлекеттик G-Cloud ачылат