Сирия БРИКСке кошулуу ниетин билдирди

Буга чейин Түркия БРИКСке кошулууга расмий арызын жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Сирия БРИКСке кошулууну каалайт. Бул туурасында өлкөнүн Россиядагы элчиси Башар Жаафари "Түндүк Кавказ: жаңы геостратегиялык мүмкүнчүлүктөр" эл аралык VII форумунда билдирди.
"БРИКСке кошулууга кызыкдарбыз. Биз уюмга кирүү ниетибизди кат түрүндө жазып, жөнөттүк", — деген ал.
Эске салсак, Түркия сентябрдын башында БРИКСке кирүү ниетин билдирип, расмий арыз жазган. Уюмдун кеңейиши тууралуу маселе 22-24-октябрда Казанда өтө турган БРИКСтин кезектеги саммитинде талкууланмакчы.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Ага Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы кирет. Бирок соңку учурда экономикалык бул блокко 19 мамлекет мүчө болууга ынтызарлыгын билдирген. Алардын катарында Аргентина, Иран, Алжир, Тунис, Түркия, Сауд Арабиясы жана Египет сыяктуу өлкөлөр бар.
Түркия ШКУга мүчө болуп кирүү ниетинде