Милиция жол боюнда соода кылгандар менен күрөшүүгө жардам сурады

Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматы башкармалыгы “Башаламан соода” аталышындагы рейд өткөрүп жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чаранын жүрүшүндө күйүүчү май, жашылча, жемиш жана кийим саткан бир нече соода түйүнү аныкталган. Сатуучуларга мындай соода мыйзамсыз экенин түшүндүрүп, протоколдорду түзүшкөн.
Кайгуул кызматы жол боюна соода кылууга тыюу салынганын, анткени унааларды токтотуу дагы, өткөрүү дагы кыйынчылык жаратарын белгиледи.
Рейд 20-октябрга чейин уланат. Милиция башаламан соода кылгандарды (0312) 53-01-81 номерине кабарлап же (0509) 102-122, (0777) 102-102 WhatsApp номерлерине жазып коюуну өтүндү.
Кайгуул милиция бүгүн Бишкек менен Чүйдө айдоочулар текшерилерин эскертти