Арча-Бешикте 10 жашар кызды сүзүп кеткен өспүрүм айдоочу кармалды

Милициянын айтымында, өспүрүм айдоочу рулду башкара албай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кечээ, 4-октябрда, борбор калаадагы Арча-Бешик конушунда кызды сүзүп кеткен Lexus 470 унаасынын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, кырсык кечээ саат 18:30дар чамасында болгон. Алгач үч жашар кыз каза болгону айтылган эле, бирок бүгүн Бишкек ШИИБи кырсыктан 2014-жылы туулган кыз каза болгонун тастыктады.
“Эр-Тайлак көчөсүндө чыгышты көздөй бараткан Lexus 470 үлгүсүндөгү унаанын 16 жаштагы айдоочусу О.А. рулду башкара албай көчөдөгү жүргүнчүнү (10 жаштагы Б.Р.) коюп, андан кийин бала бакчанын короосун талкалап кирип кеткен. Кырсыктын жыйынтыгында жүргүнчү кыз алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болгон”, — деп айтылат маалыматта.
Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, автоунаа айып короого токтотулду. Ал эми 16 жаштагы айдоочу Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Арча-Бешикте Lexus 470 бала бакчанын короосун талкалап кирип, наристени сүзүп кетти