БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Афганстанга жана чектеш мамлекеттерге үчүнчү өлкөлөрдүн аскердик инфраструктуралык объектилерин жайгаштыруу аракети ыксыз, анткени ал аймактын тынчтыгы менен туруктуулук кызыкчылыктарына дал келбейт. Бул тууралуу Москва форматындагы консультациялардын катышуучуларынын биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын Россиянын ТИМи билдирди.
4-октябрдагы отурумга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр жана афган тараптын делегациясы катышкан.
Тараптар Афганстандагы коопсуздук чөйрөсүндөгү кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирип, мамлекетте жайгашкан бардык террордук жана сепаратисттик топтор глобалдык жана регионалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч келтире турганын белгилешкен. Буга байланыштуу Афганстанга терроризмдин себептерин аныктап, аны тез арада жок кылууга багытталган чараларды кабыл алууда колдоо көрсөтүлүшү керектиги айтылган.
"Тараптар Афганстандын көз карандысыз, бирдиктүү жана тынч мамлекет катары калыптанышына колдоо көрсөтөрүн ырастап, контртеррористтик кызматташтыкты бекемдөөгө чакырышкан. Ошондой эле өлкөнүн башка мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыгын, инвестициялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүнү талкуулашты", — деп айтылат билдирүүдө.
Форумдун катышуучулары Афганстан менен аймактык экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле саламаттык сактоо, жакырчылыкка каршы күрөшүү, айыл чарба жана табигый кырсыктарды алдын алуу тармактарында көмөктөшүүгө даяр экендигин билдиришкен.
"Тараптар Афганстандын аймактык өз ара байланыш системасына активдүү интеграцияны колдоп, афган калкына гуманитардык колдоо көрсөтүүнү улантарын ырасташты, ошондой эле эл аралык коомчулукту өлкөгө гуманитардык жардам көрсөтүүнү тездетүүгө, анын саясатташуусуна жол бербөөгө чакырышты", — деп жазылган документте.
Мындан тышкары, отурумдун катышуучулары калктын, өзгөчө аялдардын, кыздардын жана этникалык топтордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн Афганстандын бийлиги тарабынан орточо, компетенттүү жана инклюзивдүү башкарууга үмүт артышкан. Ошондой эле өлкөнүн учурдагы бийлигинен афган элинин жашоосуна бакубатчылык алып келип, миграцияны азайтып, качкындардын кайтып келишине шарттарды түзүүгө чакырышкан.