Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө бүгүн күндүз катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. "Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Электр чубалгыларынан, жарнама калгандарынан, бак-дарактардан жана башка кооптуу жерлерден алыс болууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта. Эгерде кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз, токтоосуз 112 кызматына билдирууну, чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынары кошумчаланды.
Кооперациялык долбоорлор — Евразиялык экономикалык биримдиктин эң чоң жетишкендиги. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда Евразиялык экономикалык форумдун жыйынтыгы менен өткөн видеокөпүрө учурунда билдирди. Анын айтымында, 10 жыл ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кооперациясы башталган жаңы деңгээлге чыкты. "Кооперация маселелери дайым талкууланып келген, бирок реалдуу саясий чечим жок эле. 2022-жылы, Кыргызстан биримдиктин органдарында төрагалык кылган учурда, бул маселелер активдүү көтөрүлдү, ишти президенттердин деңгээлинде баштоо чечими кабыл алынган, кооперациялык долбоорлорду каржылоо жаатындагы документтерге өзгөртүүлөр киргизилди", — деди Малаев. Ал экономиканын ар секторундагы тармактардын кооперациясы интеграциялык процесстерди жакшыртарын белгиледи.
Бул кышта электр кубаты чектелбей тургандыгын энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Ал эгерде электр линияларына күч келсе, жабдууну сактап калуу үчүн жөнгө салына турган иштер жасаларын кабарлады. "Чектөөнү ЖМКлар аркылуу алдын ала, маселен, саат 6:00дөн 9:00гө чейин электр кубаты болбойт деп билдиребиз. Бирок азыр кайсы жерде жана мындай "перегруз" болуп каларын билбейбиз да. Жакында радиодон сүйлөсөм, кээ бир сайттар бир, бир жарым саатка өчөт экен жазып жиберишти. Мындай болбойт. Эгерде күч келип калган болсо, фидерди башкага которуш үчүн гана өчүрөбүз. Быйыл энергетиктер кышка жакшы даярданды", — деген министр. Ал ар бир райондук электр тармактагында кошумча камдап койгон бештен трансформатор бардыгын билдирген.
Бүгүн, 5-октябрда, Ош шаарынын 3024 жылдыгы белгиленип жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов тургундарды майрамы менен куттуктаган. "Мына бүгүн тарыхы терең, берекеси мол, меймандос, кереметтүү калаабыздын 3024 жылдыгын белгилеп жатабыз. Борбордук Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири болгон ордолуу Ош – кылымдар алмашып, доорлор өзгөрсө да өзгөчө баалуулуктарын сактап, тарыхый эстеликтери, маданий мурастары, ыйык Сулайман-Тоосу, Ак-Буура дарыясы менен өзгөчөлөнүп, туристтерди өзүнө тартып турат", — деген Жетигенов. Мэр Ош шаары учурда саясий, экономикалык, илимий жана маданий багытта өнүгүү жолунда бара жатканын белгилеген. Ошондой эле калаанын инфраструктурасын жакшыртуу, көркүнө көрк кошуп, ар тараптуу өнүгүүсү үчүн алгылыктуу иштер аткарылып жатканын кошумчалаган. Бүгүн Ош шаарынын күнүнө карата бир катар маданий-оюн-зоок программалар тартууланмакчы.