Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстандын салык жаатындагы тажрыйбасы шериктештегилерге кызык болушу мүмкүн. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты. Ал Бишкекте өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 31-отурумуна катышты. "Учурда дүйнө санариптик трансформациянын доорунда жашап жатканын, технология биздин жашообуздун бардык чөйрөсүнө кирип, анда салыктык башкаруу да четте калбай санариптештирүү ишинин натыйжалуулугун гана жогорулатпастан, процессти өркүндөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деген өкмөт башчы. Ал акыркы жылдары Кыргызстан салык процесстерин санариптештирүү боюнча олуттуу ийгиликтерге жеткенин билдирди
Бул кышта электр кубаты чектелбей тургандыгын энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Ал эгерде электр линияларына күч келсе жабдууну сактап калуу үчүн жөнгө салына турган иштер жасаларын кабарлады. "Чектөөнү ЖМКлар аркылуу алдын ала, маселен, саат 6:00дөн 9:00гө чейин электр кубаты болбойт деп билдиребиз. Бирок азыр кайсы жерде жана мындай "перегруз" болуп каларын билбейбиз да. Жакында радиодон сүйлөсөм кээ бир сайттар 1-1,5 жарым саатка өчөт экен жазып жиберишти. Мындай болбойт. Эгерде күч келип калган болсо фидерди башкага которуш үчүн гана өчүрөбүз. Быйыл энергетиктер кышка жакшы даярданды", — деген министр. Ал ар бир райондук электр тармактарында кошумча камдап койгон бештен трансформатор бардыгын билдирген.
Кыргызстанда 5 жылдык эмгек стажы бар жарандар эң аз дегенде 6 миң 900 сом пенсия аларына ишенсе болот. Бул тууралуу Социалдык фонддун башкаруучулугунун төрагасы Бактияр Алиев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, быйыл пенсия эки этап менен, тагыраагы, 1-июлдан тарта базалык бөлүгү жана 1-октябрдан тарта камсыздандыруу бөлүгү көбөйтүлгөн. Пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн буга чейин эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынчу. 1-июлдан тарта ал норма алынып, 5 жыл иштегендерге базалык бөлүгү толук төлөнө баштады. "Акыркы үч жылда пенсияны жакшы көтөрдүк. Эгерде 2020-жылы пенсиянын орточо өлчөмү 5 миң 400 сом болсо, 1-октябрдан тарта бул сумма 10 миң 500 сомго чейин көтөрүлөт. Мурда эң аз пенсия миң сом болсо, азыр 6 миң 900 сомду түзөт. Бул реформаларды жүргүзүү үчүн республикалык жана Социалдык фонддун бюджетинен 60 миллиард сом керектелет, бүгүнкү күндө 47 миллиард сому сарпталды", — деди Алиев.
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтерин калыбына келтирүү боюнча жаңы долбоор ачылды. Бул тууралуу Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов Экинчи дүйнөлүк согуштун 80 жылдыгына арналган форумда билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө иштерин талап кылган 5-6 эстелик бар. "Бишкек финансы-экономикалык техникумунун студенттери Экинчи дүйнөлүк согуштун 80 жылдыгына карата эстеликтерди калыбына келтирүүгө киришти. Жакында эле алардын жардамы менен Киркомстромдогу эстеликти жакшырттык. Дагы 15 эстелик бар, аларды да калыбына келтиришибиз керек", — деди Кутанов. Ал Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлердин жакындарына маалыматтарды табууга жана аларга жеткирүүгө көмөктөшкөн "Ысымын кайтаруу" долбоору ишке киргенин эске салды.