Садыр Жапаров: мугалимдин коомдогу кадыр-баркы дагы көтөрүлөт

Президент учурда бийлик билим берүү тутумун өнүктүрүүгө болгон аракетин жумшап жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстанда мугалимдин коомдогу кадыр-баркы дагы да көтөрүлөт. Бул туурасында Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлеринин майрамы менен куттуктоосунда билдирди.
Өлкө башчы ар бир кесиптин башында мугалим турарын белгилеп, аларга ыраазычылыгын айтты. Ошондой эле бийлик учурда Кыргызстандагы билим берүү тутумун өнүктүрүүгө болгон аракетин жумшап жатканын кошумчалады.

"Мектеп жетишсиздиги, окуу китептери одоно каталар менен басылып чыккан көйгөйлөр бара-бара жоюлуп, окутуунун заманбап ыкмаларын пайдаланууга басым жасалып, сандан сапатка өтүп баратабыз. Ошондо гана өлкөбүздө мугалимдер берилүү менен иштейт, натыйжа чыгарат, ийгилик жаратат. Мугалимдик кесипти жашоодо карьера катары тандоого түрткөн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Кесипкөй, өз ишин мыкты билген мугалимдердин талыкпаган эмгегин баалагандар жыл өткөн сайын артып барат. Буюрса мугалимдин коомдогу кадыр-баркы дагы көтөрүлөт", — деди президент.

Жапаров куттуктоо сөзүнүн соңунда мугалимдер балдарга билим гана бербестен, мекенчил муунду тарбиялаарын белгилеп, аларга чың ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалады.
Бишкекте адистигин тастыктап, сертификат берген борбор ачылды