БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Өлкөдө 7-октябрдан 11-октябрга чейин Климат жумалыгы өтөт. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жумалыктын максаты – климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, глобалдык температуранын жогорулашын басаңдатуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине көңүл буруу.
"Иш-чарага илимдин, жарандык коомдун, жеке сектордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Мамлекеттик жана коомдук уюмдарды климаттын чакырыктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга, адамдардын климатка карата туура мамилелерин жайылтууга багытталган акция, көргөзмөлөрдү өткөрүүгө чакырабыз. Муну менен алар Климат жумалыгын колдой алышат", – дешти министрликтен.