Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы менен дарыгери кармалды. Видео

УКМК алдын ала эсептегенде бөлүмдүн башчысы К.А.С. жана анын жакын туугандарынын суммасы эки миллион доллардан ашык болгон мүлкү бар деп билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкектеги Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси жана кызматкерлери пара алып келген жана кылмыштуу кирешелерди адалдаган деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
Алар козголгон кылмыш иштин алкагында тузакка түшүрүлгөн.

"Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы К.А.С. менен дарыгер А.Ш.А. бейтаптардан системалуу түрдө акча алуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча кармалып, тергөө абагына киргизилди", — деп билдиришти атайын кызматтан.

УКМК алдын ала эсептегенде, аталган бөлүмдүн жетекчисинин жакын туугандарынын суммасы эки миллион доллардан көп мүлкү бар деп билдирген.
"Бул сумма директордун ооруканадагы ишмердигинен алынган реалдуу кирешеге дал келбейт, анын жылдык маянасы 400 миңди түзөт. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди жана мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталууда", — деп билдирген атайын кызмат кармалган жарандардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо УКМКга кайрылышы керектигин айтты.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда коррупция аныкталды. Видео