СССР учурган биринчи спутник. Тарыхый видео

Кансыз согуштун кызуу маалында, тагыраагы, 1957-жылдын 4-октябрында Советтер Союзу жасалма космос спутнигин учурду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Төрт антенналуу кичинекей металл шарынын диаметри 58 см, салмагы 83,6 кг болгон жана эң жөнөкөй – "бип-бип-бип" деген үн берип турчу.
Эртеси дүйнөдөгү бардык жалпыга маалымдоо каражаттары Жердин биринчи жасалма спутниги СССРде жасалып, орбитага чыгарылганын жазышат.
... Стивен Кингдин "Өлүмдүн бийи" аттуу китеби "1957-жылдын 4-октябры же бийге чакыруу" деген бөлүм менен башталат.
"Мен биринчи жолу чыныгы коркунучту 1957-жылдын октябрь күндөрүнүн биринде сездим. Ошондо 10 жашта элем. Кинодо болчумун... Фильмдин акыркы бөлүгүндө "Жер токтогон күн" деген жерде келгиндер борборго кол салганда экран карарып калды... Анан күтүүсүздөн жарык күйүп, сахнага башкаруучу чыгып мындай деди: "Орустар Жер орбитасына космостук спутник чыгарды. Анын атын – Спутник деп аташыптыр".
Эми бул сөз дүйнө жүзү боюнча котормосуз эле түшүнүктүү орусча сөздөрдүн бири болуп калды.
Легендалуу Ту-154 учагы жана анын таржымалы. Видео