Президент Садыр Жапаров Рим папасы менен жолукту

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Рим папасы Францисктин дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында чыр-чатактарды чечүүгө жана адилеттүүлүктү орнотууга кошкон жеке салымын айтып өттү. Ошондой эле өлкө башчы Кыргызстан ондогон этникалык топтордун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашаган светтик көп улуттуу мамлекет экенин белгиледи.
"Өлкөнүн бардык диний жамааттары биздин коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана анын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойнойт", — деген президент.
Ал эми Рим папасы Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоо маанилүү экенин белгилеген.
Баарлашуунун соңунда Садыр Жапаров Рим папасын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Италияда "Кыргызстан" паркы ачылып, Бишкек менен Рим кызматташа турган болду