Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиялык аскерлер Угледарды бошотту. Видео

Калаа Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Түштүк Донецк багытындагы акыркы маанилүү тирек катары караган пункту болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Россиянын аскерлери ДЭРдеги Угледар шаарын толугу менен өздөрүнүн көзөмөлүнө алышты. Бул туурасында РФтин Коргонуу министрлиги билдиргендигин РИА Новости жазды.
"Чыгыш" тобунун аскерлеринин чечкиндүү аракеттеринин аркасында Донецк Элдик Республикасынын эл жашаган Угледар аймагы бошотулду", — деп билдиришти ведомстводон.
Бошотулган Угледарда болжол менен 115тин тегерегиндеги жай жарандар калганын ДЭР башчысы Денис Пушилин Telegram каналында айткан.
Россиялык аскерлер шаарды алууда Украина армиясы кандай сыр менен кармалып тургандыгын айтып беришкен.
"Алар көп кабаттуу үйлөргө камераларды орнотуп алгандыктан кармаштын алдыңкы чегиндеги россиялык аскерлерди камсыздап туруу кыйындаган" деп түшүндүргөн шаарды камалаган 95-аткычтар полкунун Сид каймана аты бар командири.
Бул шаар Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Түштүк Донецк багытындагы акыркы маанилүү тирек катары караган пункту болгон. Калааны бошотуу менен Донецк-Мариуполь жолунун коопсуздугу камсыздалып, Волноваха да кооптуулуктан чыккан.
Ал арада Украина армиясынын башкы командачысы Александр Сырский аскерлери Угледардан кол жууп калган соң Донецкинин чыгышында коргонууну күчөтүүгө буйрук бергени https://ria.ru/20241004/smi-1976292562.html маалым болду.
Шаршемби күнү ДЭР башчысынын кеңешчиси Ян Гагин РИА Новостиге Угледардын администрациясы Россиянын желегин орноткондугун, бирок шаарды бошотуу туурасында айтуу эртелик кыларын билдирген.
Мурунку күнү ДЭР башчысынын дагы бир кеңешчиси Игорь Кимаковский Угледарды бошотууга саналуу күндөр калганын, каршылашкан тарап курчоодо экенин билдирген. Өткөн аптада ал ошондой эле россиялык аскерлер үч тараптан Селидового жакындап, шаарга алып барган бардык жолдорду көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Улам тездеп бара жатат". Батыш Россиянын кадамдарынан чочулай баштады