Пресс-борбор

Малаев: РКӨФ Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө олуттуу роль ойнойт

Фонд азырынча ЕАЭБ мамлекеттеринин кооперациялык долбоорлорун каржылай албайт, бирок бул факторду кезектеги өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында кароо пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын илгерилетүүдө чоң роль ойнойт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда Евразиялык экономикалык форумдун жыйынтыгы менен өткөн видеокөпүрө учурунда билдирди.
Анын айтымында, фонд ушу кезге чейин чакан жана орто бизнестин үч миңден ашуун долбоорун каржылаган.
"ЕАЭБдин кооперациялык долбоорлорун каржылай турган финансы институттарынын катарына РКӨФ кирген эмес. Мындан улам кооперациялык долбоорлорду тандоонун жобосун тизмеге РКӨФ киргидей кылып өзгөртүүнү сунуштоо планыбызда бар", — деди Малаев.
Евразиялык экономикалык комиссиянын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Гоар Барсегян маселе органдардын күн тартибине киргизилгенин белгиледи.
"Бул — өтө олуттуу фактор. Декабрда өтчү өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында каралат деп ойлойм", — деди ал.
Эскерте кетсек, 30-сентбрдан 1-октябрга чейин Ереванда (Армения) III Евразиялык экономикалык форум болуп өттү. Катышуучулар ЕАЭБдин стратегиялык өнүгүүсүн, ар тараптуу кооперация, технологиялык кызматташуу, санариптешүү, транспорттук инфраструктура жана логистика, ички рыноктун сапаты, ишкерликти колдоо, эл аралык кызматташуу маселелерин талкуулашкан.
Пресс-борбор
Министрдин орун басары: кооперациялык долбоорлор — ЕАЭБдин чоң жетишкендиги