Италияда "Кыргызстан" паркы ачылып, Бишкек менен Рим кызматташа турган болду

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кечээ Рим шаарында "Кыргызстан" паркы салтанаттуу ачылды.
Бул мамлекет башчынын Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында болгонун анын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
В рамках официального визита Садыра Жапарова в Италию в Риме состоялось торжественное открытие парка "Кыргызстан".
2 / 3
В рамках официального визита Садыра Жапарова в Италию в Риме состоялось торжественное открытие парка "Кыргызстан".
3 / 3
В рамках официального визита Садыра Жапарова в Италию в Риме состоялось торжественное открытие парка "Кыргызстан".
Салтанатка Кыргызстандан барган делегация мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуижи Санна, муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышкан.
"Парктын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурат, ошондой эле Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп айтышты маалымат кызматтан.
Аталган аземдин алкагында тараптар Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Эске салсак, Жапаров расмий сапар менен Италияда жүрөт.
Кыргызстан менен Италия соттолгондорду өткөрүп берүүнү макулдашты