Пресс-борбор

Соцфонддун башчысы пенсияга иш стажы жетпегендер канча акча аларын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 5 жылдык эмгек стажы бар жарандар эң аз дегенде 6 миң 900 сом пенсия аларына ишенсе болот. Бул тууралуу Социалдык фонддун башкаруучулугунун төрагасы Бактияр Алиев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, быйыл пенсия эки этап менен, тагыраагы, 1-июлдан тарта базалык бөлүгү жана 1-октябрдан тарта камсыздандыруу бөлүгү көбөйтүлгөн. Пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн буга чейин эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынчу. 1-июлдан тарта ал норма алынып, 5 жыл иштегендерге базалык бөлүгү толук төлөнө баштады.
"Акыркы үч жылда пенсияны жакшы көтөрдүк. Эгерде 2020-жылы пенсиянын орточо өлчөмү 5 миң 400 сом болсо, 1-октябрдан тарта бул сумма 10 миң 500 сомго чейин көтөрүлөт. Мурда эң аз пенсия миң сом болсо, азыр 6 миң 900 сомду түзөт. Бул реформаларды жүргүзүү үчүн республикалык жана Социалдык фонддун бюджетинен 60 миллиард сом керектелет, бүгүнкү күндө 47 миллиард сому сарпталды", — деди Алиев.
Ал белгилегендей, реформалардын алкагындагы беш жылдык тажрыйбага университетте окуу (беш жыл), эркектер үчүн аскер кызматын өтөө, декреттик өргүүдө үч баласын багып жаткан аялдар кирет (жалпы тогуз жыл деп эсептелет).
"Беш жылдык стажы жокторго эки миң сом өлчөмүндө карылык боюнча жөлөк пул төлөнөт. Талап кылынган эмгек стажы бар жана пенсия курагына жеткен (аялдар 58 жаш, эркектер 63 жаш) жарандарга милдеттүү түрдө пенсия чегерилет. Карылык боюнча жөлөк пул мамлекет тарабынан Эмгек министрлигинин бюджетинен берилет", — деп түшүндүрдү Алиев.
Пресс-борбор
Соцфонддун башчысы: миңден ашык адам 50 миң сом пенсия алат