Министр кышында электр энергиясы чектелбей тургандыгын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бул кышта электр кубаты чектелбей тургандыгын энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Ал эгерде электр линияларына күч келсе жабдууну сактап калуу үчүн жөнгө салына турган иштер жасаларын кабарлады.

"Чектөөнү ЖМКлар аркылуу алдын ала, маселен, саат 6:00дөн 9:00гө чейин электр кубаты болбойт деп билдиребиз. Бирок азыр кайсы жерде жана мындай "перегруз" болуп каларын билбейбиз да. Жакында радиодон сүйлөсөм кээ бир сайттар 1-1,5 жарым саатка өчөт экен жазып жиберишти. Мындай болбойт. Эгерде күч келип калган болсо фидерди башкага которуш үчүн гана өчүрөбүз. Быйыл энергетиктер кышка жакшы даярданды", — деген министр.

Ал ар бир райондук электр тармактарында кошумча камдап койгон бештен трансформатор бардыгын билдирген.
Ибраев Кыргызстан 1-2 жылдан кийин көмүрдү, ал эми 2027-жылы электр кубатын сырттан сатып алууну токтотуу пландалып жатканын кошумчалаган.
Радио
Ибраев: күндөн, шамалдан электр энергиясын алып импорттун ордун толтурабыз