БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору эксперттерди жана программисттерди жумушка чакырат. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Талаптарга ылайык, жумушка орношууну каалаган эксперттин жогорку кесиптик билими (бардык багыт жарайт), беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же жетекчилик кызматта бир жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек. Ал эми программисттин үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы жана жогорку кесиптик билими (бардык багыт жарайт) болушу шарт.
Жумуш издегендер керектүү документтерин (арыз, сүрөт, резюме, эмгек китепчеси, билимин тастыктаган дипломдор, паспорттун көчүрмөсү) Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегине тапшырса болот.
Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору интернетке жана ЖМКга мониторинг жүргүзөт. Тагыраагы, фейктерди аныктоо менен алектенет.