Радио

Мамытов: санарип акчаны ишке киргизүүдө Кытай алдыда баратат

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов Кытай Эл Республикасы санарип акчаны ишке киргизүүдө лидерлик позицияда баратканын айтты.
Sputnik
Кытай санарип акча долбоорун ишке ашырып келатканына быйыл 10 жыл болду. 2014-жылы өлкөнүн Улуттук банкына юанды санариптештирүү тапшырмасы коюлуп, 2022-жылдан тарта активдүү иштеп жатат. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кытайдын мындай кадамга барышынын себеби криптовалюталардан эң көп жабыркаган өлкө болду.
"Кытай криптовалюта көйгөйүнө дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө караганда көбүрөөк туш келди. 2010-жылдан тарта криптовалюталар активдүү жүгүртүүгө чыгып, эң көп биржалар ушул өлкөдө болду. 2015-жылы биткоиндин 90 пайызы Кытайда айланыптыр. Ал эми 2020-жылы биткоин майнингинин 67 пайызы Кытайга туура келген. Бул криптовалюталар Кытай капиталынын сыртка чыгып кетүүсүнө жол ачты. Анын комиссиялык төлөмдөрү жок, айлантуу эркин болгондуктан көзөмөлдөө кыйынга туруп, бул кытай өкмөтүнө коркунуч жаратты. Ошондуктан алар юанды санариптештирүүнү колго алып, алгач илимий негизде иликтеп чыгышып, анан гана долбоорду ишке киргизишкен. Улуттук банкынын алдында блокчейндерди изилдеген атайын борбор түзүшкөн. Буга кошумча, мыкты техникалык университеттерди терип алып, алардын сунуштарын кабыл алышкан. Ошондой эле каржы министрлиги да бул долбоорго кошулган. Мына ушундай системалуу кадамдарды жасашкан", — деди Мамытов.
Ал учурда өлкөнүн 29 аймагында санарип юань жүгүртүлөрүн кошумчалады.