Пресс-борбор

Соцфонддун башчысы: миңден ашык адам 50 миң сом пенсия алат

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстанда миңден ашык жаран 50 миң сомдон ашык пенсия алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Социалдык фонддун башкармалыгынын төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Социалдык фонддун башкармалыгынын төрагасы Бактияр Алиев
Анын айтымында, эң көп пенсияны банктарда жана тоо-кен ишканаларында эмгектенген жарандар алат.
"Жогорку пенсияны ишканаларда же компанияларда жакшы айлык алып иштегендер алышат. Миңге жакын адам 50 миң сомдон ашык пенсия алат. 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйгөндөн кийин мындай каражат ала турган жарандардын саны өсөт", — деди Алиев.
Социалдык фонддун жетекчиси мурдагы премьер-министрлер жана башка жогорку кызматтагылар кандай пенсия аларын айткан жок. Ал андагы суммалар анча чоң эмес экенин кошумчалады.
Башкы катчы: КМШнын Салык кызматы кардарларга багытталган принциптерди киргизди