А.Жапаров: биздин салык боюнча тажрыйбабыз КМШдагыларга кызык болушу мүмкүн

Өкмөт башчы акыркы жылдары Кыргызстан салык процесстерин санариптештирүү боюнча олуттуу ийгиликтерге жеткенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. – Sputnik. Кыргызстандын салык жаатындагы тажрыйбасы шериктештегилерге кызык болушу мүмкүн. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.
Ал Бишкекте өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 31-отурумуна катышты.
"Биздин бүгүнкү жолугушуунун темасы актуалдуу экендигин белгилегим келет. Учурда дүйнө санариптик трансформациянын доорунда жашап жатканын, технология биздин жашообуздун бардык чөйрөсүнө кирип, анда салыктык башкаруу да четте калбай санариптештирүү ишинин натыйжалуулугун гана жогорулатпастан, процессти өркүндөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деген өкмөт башчы.
Ал акыркы жылдары Кыргызстан салык процесстерин санариптештирүү боюнча олуттуу ийгиликтерге жеткенине, муну менен акыркы жылдары республиканын бюджетинин кирешеси эки эсеге көбөйүп, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жакшырганына токтолду.
"Маанилүү жыйынтык көмүскө бизнеске ийгиликтүү каршы туруу болду. Биздин тажрыйба дос мамлекеттердин салык кызматтарынын ишинде да пайдалуу болушу мүмкүн деп ойлойм", — деген ал.
Башкы катчы: КМШнын Салык кызматы кардарларга багытталган принциптерди киргизди