Радио

Ысабеков: дары-дармектерди кошумча нарк салыгынан бошотуу натыйжа берген жок

Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков импорттолгон дары-дармектер менен медициналык каражаттардан жеңилдетилген кошумча нарк салыгынын алынышы тууралуу түшүндүрмө берди.
Sputnik
Кошумча нарк салыгынан түшкөн каражаттын эсебинен муктаж адамдарды колдоо, фармацевтика өндүрүшүн өнүктүрүү жагы каралып жатат. Бул тууралуу Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дары-дармектердин кошумча нарк салыгы 12 пайызды түзөт.
"Азыркы тапта өлкөдө салык реформасы жүрүп жатат. Акыркы 2-3 жылдын ичинде президент да буга байланыштуу бир нече жарлык чыгарган. Жасалган реформалардын алкагында салык саясатындагы берилген жеңилдиктер жана бошотуулар боюнча 2022-жылы Салык кодексине жаңы берене кирген. Анын негизинде жеңилдиктердин баарын талдап, баалоо жүргүзүү керек болчу. Бул беш этаптан турат. Биринчи этабы былтыр башталып, быйыл экинчи этабында жумушчу топ түзүлдү. Анын негизинде импорттолгон дары-дармектер менен медициналык каражаттарды кошумча нарк салыктан бошотуу эффективдүү эмес экени аныкталды. Жеңилдик "баалар өспөй, туруктуулук кармалып турсун" деген ниетте берилген. Бирок ага карабай дары-дармектин баасы жыл сайын өсүп эле жатат. Башка өлкөлөргө салыштырганда айырма чоң, бизде абдан кымбат болууда. Ошондуктан салык эле эмес, башка тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан да иштер жасалып жатат. Мисалы, Кыргызстанда ибуфен 250 сомдун тегереги болсо, коңшу мамлекеттерде 120-130 сомдон сатылат. Негизи мындай мисалдар абдан көп. Мунун баары өзү билемдиктин негизинде сатылып келген. Мындан ары дарынын баасы көзөмөлдө болот", — деди Ысабеков.
Ал кошумча нарк салыгы киргенден кийин да мамлекет бааны толук көзөмөлгө аларын кошумчалады.