Башкы катчы: КМШнын Салык кызматы кардарларга багытталган принциптерди киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. КМШнын салык кызматтары кардарлардын кызыкчылыгына багытталган принциптерди киргизди. Бул туурасында шериктештиктин башкы катчысынын орун басары Денис Трефилов айтты.
Ал учурда Бишкекте өтүп жаткан КМШга мүчө өлкөлөрдүн салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 31-отурумуна катышууда.
"Биз шериктеш өлкөлөрдүн салык кызматтарынын ишиндеги кардарларга багытталган принциптерин киргизүү боюнча кеңештин ишин кубаттайбыз. Санариптик технологиялардын жана электрондук коммуникациялардын ролу өсүп жаткандыгына карабастан инсандык багыт, чын ыкластуулук, жандуу байланыш биздин өлкөлөрдүн бизнеси жана жарандары үчүн зор мааниге ээ", — деди Трефилов.
Ал салык жаатындагы кардарлардын кызыкчылыгына багытталган модель — КМШнын мамлекеттик иштериндеги ачык-айкын багыт экендигин белгиледи.
КМШнын Аткаруу комитети соодадагы тоскоолдуктарды жоюу аракетин улантат