КМШ экономикасынын интеграциясын тереңдетүү боюнча документ иштелип жатат

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. КМШнын экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы даярдалып жатат. Бул тууралуу Шериктештиктин башкы катчысынын орун басары Денис Трефилов билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 31-отурумунда сүйлөдү.
"Аткаруу комитети 2026-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилди камтыган КМШнын Экономикалык өнүгүү стратегиясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун даярдоого киришти. Бул биздин өлкөлөрдүн экономикалык сферадагы интеграциясын өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн негизги документ болот", — деди Трефилов.
Башкы катчы: КМШнын Салык кызматы кардарларга багытталган принциптерди киргизди