Израиль Насрулланын мураскери бар деген бункерге 73 тонна бомба таштады

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Израилдин аскердик учактары Бейруттун чет жакасындагы объектини бомбалады. Божомол боюнча, анын ичинде буга чейин жок кылынган "Хезболла" кыймылынын лидери Хасан Насрулланын мураскери болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости Ynet порталына шилтеме берип жазды.
"Жума күнү кечинде Аба күчтөрүнүн учактары "Хезболланын" башкы чалгындоо штабы катары аныкталган Дахия аймагындагы бункерге жалпы салмагы 73 тоннага жеткен бомбаларды таштаган. Божомолдор боюнча, Хасан Насрулланын мураскери боло турган Хашем Сафи ад-Дин ошол учурда кыймылдын башка жогорку даражалуу мүчөлөрү менен бирге комплекстин аймагында болгон", — деп жазат басылма.
Портал чабуулдун жыйынтыгы азырынча белгисиз экенин белгиледи.
Израилдик армия Ливанда "Түндүктүн жебелери" операциясын жүргүзүп жатат. Аскердик-аба күчтөрү өлкөнүн ар кайсы аймактарында "Хезболланын" буталарына массалык сокку урууда. 27-сентябрда Бейрутка багытталган аба соккуларынын натыйжасында кыймылдын жогорку даражалуу командирлери жана анын башкы катчысы Хасан Насрулла жок кылынган. 1-октябрда Ливандын түштүгүндө да кургактагы операция башталган.
Ливандын саламаттык сактоо министри Фирас Абдыядга шилтеме берүү менен жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, 3-октябрга карата соккунун курмандыктарынын жалпы саны 1 974 адамды түздү.
Израиль армиясы "Хезболланын" бир нече миң бутасына сокку урганын билдирди. Байкоочулар 2006-жылдагы Экинчи Ливан согушунан бери Израилдин армиясы мынчалык катуу чабуул жасаган эмес деп белгилешет.
Израилдин Гутерришти нон грата адамы дегени көптөрдүн нааразылыгын жаратты