Бишкекте Дельфи оюндарынын жабылыш аземи болду

Сынакка КМШ өлкөлөрүнүн 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш таланттары катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүн, 4-октябрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн балдары үчүн ачык Дельфи оюндарынын жабылыш аземи өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Оюндарга активдүү катышкан балдарга ыраазылык каттар, алтын медалдар тапшырылып, алардын гала-концерти менен аяктады.
1 / 4

Бүгүн, 4-октябрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн балдары үчүн ачык Дельфи оюндарынын жабылыш аземи өттү

2 / 4

Оюндарга активдүү катышкан балдарга ыраазылык каттар, алтын медалдар тапшырылып, алардын гала-концерти менен аяктады

3 / 4

Бишкекте 30-сентябрдан 5-октябрга чейин өткөн сынакка 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш таланттар катышкан

4 / 4

Анын программасына фортепиано, скрипка, классикалык гитара, көркөм өнөр, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик ыр, ди-джей номинациялары кирген

“Балдардын Дельфи оюндары КМШ өлкөлөрүнүн жаш таланттарынын ортосундагы маданий алмашуу жана достукту чыңдоо аянтчасы болуп калды. Бир нече күн бою катышуучулар өздөрүнүн маданий мурастары менен бөлүшүп, таймашып, чыгармачылыктарын өнүктүрүштү. Оюндар балдардын маданий байланышын бекемдөөгө жана чыгармачылыгын эл аралык деңгээлде өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт”, — деп айтылат маалыматта.
Бишкекте 30-сентябрдан 5-октябрга чейин өткөн сынакка 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш таланттар катышкан. Анын программасына фортепиано, скрипка, классикалык гитара, көркөм өнөр, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик ыр, ди-джей номинациялары кирген.
Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт