Арча-Бешикте Lexus 470 бала бакчанын короосун талкалап кирип, наристени сүзүп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүн, Lexus 470 автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы менчик бала бакчанын короосун талкалап кирип кеткен. Тилекке каршы, кырсыктан үч жашар наристе каза болгонун Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Маалыматта каргаша бүгүн саат 18:30 чамасында Эр-Тайлак көчөсүнүн №134 үйдүн тушунда болгону айтылат.
Милиция окуя болгон жерде иштеп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Өспүрүм Porter менен качып оодарылган окуя боюнча Жол милициясы үн катты. Видео