Бишкекте базардагы соодагерлер ооруларга акысыз экспресс-тест тапшыра алышат

Акция 1-ноябрга чейин борбор калаадагы базарларда саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкектин базарларында иштеген соодагерлер ВИЧ, сифилис жана гепатит (В,С) ооруларынын бар-жогун акысыз экспресс-тесттен билип алса болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунан кабарлашты.
Акция 1-ноябрга чейин борбор калаадагы базарларда саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтөт.
Экспресс-тест тапшыруу графиги:
7-октябрь — "Таатан" соода борбору;
9-11-октябрь — "Дордой дыйкан", "Дордой моторс" базарлары;
14-16-октябрь — "Аламүдүн", "Табылга" базарлары;
24-26-октябрь — "Орто-Сай" соода борбору.
Мындан тышкары, соодагерлер мобилдик клиникада дарыгерлерден да кеңеш ала алышат. Азыркы тапта бул мобилдик клиника "Мадина" базарында иштеп жатканы кошумчаланды.
Аялдар октябрь ичинде айрым ооруларга акысыз текшериле алышат. Тизме